Кыргызстанда мамлекеттик органдардын штатын кыскартуу пландалууда

Кыргызстанда мамлекеттик органдардын штатын кыскартуу пландалууда.

Экономика жана каржы министри Улукбек Карымшаков билдиргендей,

бул маселе көптөн бери турат. Анык канча адамдын орду кыскартылат,

азырынча белгисиз. Учурда өзгөчө бириктирилген ведомстволор боюнча

аналитикалык иштер жүрүп жатат. Кыскартуулар укуктук камсыздандыруу,

каржы, адам ресурстары башкармалыктарына жана жалпы бөлүмдөргө туура келет.