Ордо калаа мэриясында кадрдык ѳзгѳрүүлѳр болду

Ордо калаа мэриясында кадрдык ѳзгѳрүүлѳр болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри

Татьяна Кузнецова кызматынан бошотулду. Анын ордуна “Бишкекжылуулукэнерго”

коммуналдык ишканасын жетектеген Виктория Мозгачева дайындалды. Ошондой эле

мэриянын борбордук аппаратынын мурдагы жетекчиси Балбак Түлѳбаевдин ордуна

Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары Адилет Малдыбаев келди.

Ал эми Октябрь районунун акими кызматына Азамат Дороев дайындалды.

Тиешелүү буйруктарга мэр Азиз Суракматов кол койду.