Москвада Кыргызстан жана Россиянын кайчылаш жылынын ачылышы өтөт.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, иш-чара 27-февралга пландалды.
Ага эки өлкө башчылары Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин катышат.
Кайчылаш жылдын алкагында 200дөн ашык иш-чара өткөрүлөт.
Анда саясий өз ара кызматташтык, экономикалык, маданий-гуманитардык,
илимий-агартуучулук, аскерий-техникалык, жаштар саясаты,
туризм жана саламаттыкты сактоо багыттары камтылат.