БШК депутат Максатбек Сарбагышевди мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 25-апрелде кезексиз жыйынга чогулуп, Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышевдин ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде мөнөтүнөн мурда токтотуп, мандатын алды. Чечимди БШКнын 12 мүчөсүнүн 10у колдоду.

 

Сарбагышев бул күнү түшкө чейин парламентте олтуруп, жыйынга келген өкмөт өкүлдөрүнө суроо берип жаткан.

 

Ал арызды эмне себептен жазганы белгисиз. “Азаттык” аны менен байланышкан учурда комментарий берүүдөн карманып, буга кийинчерээк түшүндүрмө берерин билдирди.

 

Максатбек Сарбагышев 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган. Ага чейин Чоӊ-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын акими болуп иштеп келген.

 

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынан ушуну менен 16 депутат мандатын тапшырды.