Кыргызстандын 6 айыл-өкмөтүндө “бирдиктүү терезелер” иштеп баштады.
Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бирикмесинин маалыматына ылайык, айылдар Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында жайгашат.
Долбоорлордун биринин каржылоосу менен атайын техника сатылып алынды. Жалпысынан, “бирдиктүү терезе” системасын ишке киргизүүгө 1,5 миллион сом жумшалды. Жыйынтыгында, мамлекеттик кызматтарды алуу 40 миң адам үчүн жеңилдетилди.