Кытайдын Гуандун провинциясында толугу менен автоматташтырылган ресторан ачылды.
Анда жалпысынан 20 робот тамактын 200 түрүн даярдайт. Айрымдары кээ бир тамак-аштын
түрүн 60 секуддун ичинде даярдоого жөндөмдүү. Ашпозчудан тышкары официанттын кызматын
да жабдуулар тейлейт. Тамактануучу жайда бир эле маалда 600 кардар тейленип жатат.