Баткен районунда кызыл китепке киргизилген кескелдирикти сатууга аракет кылган жаран кармалды

Баткен районунда кызыл китепке киргизилген кескелдирикти сатууга аракет кылган жаран кармалды.

Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аймактын тургуну узундугу 1,5 метрге жеткен сейрек кездешүүчү жандыкты 5 миң сомго сатууну пландаган.

Учурда кескелдирик Жаңы-Жер аймагына кое берилди. Сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.