Кыргызстандыктар эми каалаган бейтапканага каттоого тура алат

Кыргызстандыктар эми каалаган бейтапканага каттоого тура алат.

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги үй-бүлөлүк медициналык борборлорго жана биринчи медицина жардам берүү мекемелерине калкты бекитүү процедурасын жөнөкөйлөштүрүп баштады.

 

Эми жашаган жерине карабай, бейтапканага каттоого туруу үчүн маалымкаттардын түрүн чогултуунун кереги жок, жеке идентификациялык номерди камтыган документти көрсөтүү жетиштүү болот. Ведомстводон белгилешкендей, жаңычылдык медициналык жардамды алуу үчүн тоскоолдуктарды жоюуга шарт түзөт.