Өзбекстанда калктын саны 37 миллиондон ашты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика боюнча мамлекеттик комитетине таянып, “Азаттык” жазды.
Маалыматка караганда, 37 миллиондун 18,5 миллионун эркектер, калганын аялдар түзөт. Божомолдорго ылайык, 2030-жылга чейин Өзбекстанда калктын саны 41 миллиондон ашат.
Белгилеп кетсек, Борбор Азия мамлекеттериндеги калктын саны боюнча Өзбекстан биринчи орунда турат.