Ошто башкы балатынын оту 25-декабрда жанат.
Novosti.kgге түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей,
борбордук аянтта 24 метрлик кыш сулуу орнотулду.
Учурда аны кооздоо иштери жүрүп жатат. Ошто жыл сайын
жаңы жылдык жасалгалоо иштерине 1 миллион сомго жакын
каражат жумшалчу, быйыл пандемияга байланыштуу азыраак
сумма багытталат. Ошондой эле концерттик иш-чаралар өтпөйт,
болгону аяз ата жана аяз кыз майрамдык маанай тартуулашат