Жети-Өгүз районунда мыйзамсыз балык улоого каршы рейд өттү.
Анын жыйынтыгында Дархан айылындагы 3 чакырым тор алынды.
Рейд маалында балык кармагандар кармалган жок. Торлор көл
жээгинде өрттөлдү. Кошумчаласак, Жогорку Кеңеш синтетикалык
тор менен балык улоого тыюу салган. Аталган иш кылмыш деп эсептелет.