Ошто коомдук транспорт текшерилип баштады

Ошто коомдук транспорт текшерилип баштады. Түштүк калаанын мэриясынан билдиришкендей, атайын түзүлгөн комиссия жүргүнчү ташуу эрежелеринин сакталышына рейд жүргүзөт.

 

Санитардык нормаларды бузган, транспорту техникалык талаптарга жооп бербеген айдоочуларга карата административдик чаралар көрүлөт.