Ысык-Ата районунда 3 эм төрөлдү. Милянфан айылынын 32 жаштагы тургуну
3 кызды Чүй облустук төрөт үйүндө жарык дүйнөгө алып келди. Ымыркайлардын
салмагы 2 килограмм 900 грамм, 2 килограмм 100 грамм жана 2 килограмм.
Кыздарга ата-энеси Амаля, Алия, Айлина аттуу ысымдарды ыйгарышты.