Жогорку Кеңеш комитети Министрлер кабинетинин жаңы курамы жана түзүлүшү боюнча президенттин сунушун колдоду

Жогорку Кеңеш комитети Министрлер кабинетинин жаңы курамы жана түзүлүшү боюнча

маселени карап, президенттин сунушун колдоду. Президенттин министрлер кабинети

жөнүндө кол койгон мыйзамына ылайык, өкмөттүн курамы жана түзүлүшү өзгөрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын – президенттин администрациясынын жетекчисинин

милдетин аткаруучу болуп Акылбек Жапаров дайындалды. Дагы бир жарлык менен

Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан бошотулду.

Министрлер кабинетинин азыркы курамы кызматтан кетти. Кабинет мүчөлөрүнүн кызмат ордун

ээлеген адамдар жаңы курам түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантат.

Жаңы өкмөт боюнча маселе эми парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.