15-октябрда Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө жарык жок болот

Эртең, 15-октябрда Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.

Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00дөн 17:00гө чейин

Жалал-Абад шаарынын Центральная, Архитектурная, Птицефабрика, Пригород,

мал базар, Птицеград №1,2,3,4,5,6,7,8,9,10,11,12 көп кабаттуу үйлөрүндө электр жарыгы болбойт.

Шаардык мэрия жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.