Президент Садыр Жапаров «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жаңы Конституция кабыл алынгандыгына жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал өзгөргөндүгүнө байланыштуу улуттук программа бекитилгени белгиленди.
Министрлер кабинетине төмөнкүдөй милдеттер коюлду:
- 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана кабыл алсын;
- 2018-2040-жылдары өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлорду актуалдаштырсын;
- ушул жарлыктын алкагында тиешелүү чараларды көрсүн.
Жогорку Кеңешке, сот бийлигинин органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн стратегиялык документтерин (концепцияларды, стратегияларды, программаларды) жана иш-чаралардын пландарын 2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык келтирүү сунушталсын.
Улуттук программанын тексти президенттин сайтына тиркелген.