АКШда чакан учак бакка кондурулду

АКШда чакан учак бакка кондурулду. “Голос Америки” басылмасы жазгандай, окуя Окалус аймагында катталды. Авариялык конуу жасаган аба кемесинде 2 эркек жана бир ит болгон. Бактыга жараша, алар жабыркаган жок.   Белгилүү болгондой, учак учуу-конуу тилкесине жакындаганда, анда техникалык мүчүлүштүктөр орун алып, пилот тез арада бакка… Кененирээк…

Кыргыз футбол союзунун жетекчилиги алдында өтө турган иш-чаралардын бардыгы өткөрүлөт

Кыргыз футбол союзунун жетекчилиги алдында өтө турган иш-чаралардын бардыгы өткөрүлөт. Буга чейин пландалга н спорттук мелдештер белгиленген күндөрү эле болот. Футбол союзунан белгилешкендей, 2020-жылдын сезону жаңы башталып, анда бир катар беттештер пландалып койгон.   Аларды өткөрбөй коюу, союздун кийинки ишине тоскоолдук жаратат. Эске салсак, коронавирустун… Кененирээк…

16 жашка толгон бүтүрүүчүлөр Жалпы республикалык тестирлөөгө паспорту жок катыша албайт

16 жашка толгон бүтүрүүчүлөр Жалпы республикалык тестирлөөгө паспорту жок катыша албайт. Билим берүүдөгү баалоо жана окутуу усулдары борборунун башчысы Инна Валькованын айтымында, 16 жашка толо элек окуучулар билим алып жаткан мектебинен эртелеп маалымкат алып коюшу керек.   Анда анын сүрөтү жана мектептин мөөрү сөзсүз болуусу… Кененирээк…

Бишкекке жеткирилген жаңы автобустар эски каттамдарды жандандырууга мүмкүнчүлүк түзөт

Бишкекке жеткирилген жаңы автобустар эски каттамдарды жандандырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул тууралуу Жүргүнчү автотранспорттук ишканасынын директору Нурлан Койчубаков билдирди.   Анын айтымында, шаар тургундарынан жаңы автобустук каттамдарды түзүү жана эскилерин кайра кайтаруу боюнча көптөгөн сунуштар келип турат. Бул боюнча арыздар эң көп Красный строитель конушунун жашоочуларынан… Кененирээк…

Стамбулдан келген кыргызстандыктын анализдери таза чыкты

Стамбулдан келген кыргызстандыктын анализдери таза чыкты. Анда коронавирус аныкталган жок. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жарандын ден-соолугунун абалы канааттандыраарлык.   Дене табы түшүп, калыбына келди. Бирок, ал 2 апталык карантинде болушу зарыл. Эске салсак, “Манас” эл аралык аэропортунда тепловизорлор Стамбулдан келген кыргызстандыктын дене табы көтөрүлгөндүгүн… Кененирээк…

Мектеп окуучуларынын жазгы эс алуусу 10 күнгө созулат

  Мектеп окуучуларынын жазгы эс алуусу 10 күнгө созулат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, каникулдар 21-мартта башталып, 30-мартка чейин уланат. Билим берүү мекемелеринде окуу процесси 31-мартта жанданат.   Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 2,5 минге жакын мектеп бар, аларда 1 миллиондон ашык окуучу билим алат.

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу кызматы жана унааны кайра каттоо арзандады

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу кызматы жана унааны кайра каттоо арзандады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эми жарандар айдоочулук күбөлүктү мурдагыдай 724 сомго эмес, 540 сомдон алып башташат.   Ал эми унааны каттоо кызматы 1 миң 900 сомдон, 1 миң 716 сомго төмөндөдү.… Кененирээк…

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу “Азаттыкка” ооруларды алдын алуу департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.   Анын айтымында, учурда обсервацияда 286 адам жатат. Анын көбү кыргызстандыктар жана Кытай жарандары. Алардан эки жолу анализдер алынууда. 9-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандар жок, —… Кененирээк…