Бишкекте ун саткан атайын жарманкелер уюштурулууда

Ун рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн Бишкекте атайын жарманкелер иштей баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ун Ош базары, Аламедин, Орто-Сай жана Дордой фут базарларында сатылууда. Анда жогорку сорттогу бир кап унду 1 миң 860 сомго, 1-сортту 1 миң 500 сом, 2-сорттогуну 1 миң 125 сомго сатып алууга болот.

 

Ал эми 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы 30 сомдон ашпашы керек.