Кыргыз спортчулары «Жылдын мыкты балбаны» наамы үчүн ат салышууда

Кыргызстандык спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш уюмунун (UWW) версиясында «Жылдын мыкты балбаны» наамы үчүн ат салышууда. Бул тууралуу UWW социалдык тармактагы расмий баракчасында маалымдалды.

 

Талапкерлердин тизмесинде өз салмак категориялары боюнча 2023-жылдын чемпиондору көрсөтүлгөн.

 

Спортчуларды комментарий калтырып колдосо болот.