16 жашка толгон бүтүрүүчүлөр Жалпы республикалык тестирлөөгө паспорту жок катыша албайт

16 жашка толгон бүтүрүүчүлөр Жалпы республикалык тестирлөөгө паспорту жок катыша албайт. Билим берүүдөгү баалоо жана окутуу усулдары борборунун башчысы Инна Валькованын айтымында, 16 жашка толо элек окуучулар билим алып жаткан мектебинен эртелеп маалымкат алып коюшу керек.

 

Анда анын сүрөтү жана мектептин мөөрү сөзсүз болуусу кажет. Эске салсак, Жалпы республикалык тестирлөө быйыл 15-20-май аралыгында өтөт. Ага каттоо башталып, ал 3-апрелге чейин созулат.