Коронавирус жуктуруп алган №17чи бейтапкананын төрт медицина кызматкери ооруканага жаткырылды

Коронавирус жуктуруп алган №17чи бейтапкананын төрт медицина кызматкери

ооруканага жаткырылды. Республикалык штабдан билдиришкендей,

аталган Үй-бүлөлүк медицина борборунда дезинфекциялык иш-чаралар жүргүзүлөт.

Санитардык тазалоо иштери аяктаганга чейин, №17и бейтапканада каттоодо турган жарандар

Ленин районунун бириктирилген Үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрыла алышат.