Россия жарандыгын алуу жеңилдейт

Россия жарандыгын алуу жеңилдейт.

Федерация кеңеши аталган процедураны жеңилдетүү мыйзамын колдоду.

Бул үчүн эми чет элдик жарандыктан баш тартуу милдеттүү болбойт.

СССРде жана анын курамында болгон өлкөлөрдө төрөлүп, бирок ал жактын

жарандыгын ала электерге да жеңилдик каралган. Арыз тапшырып жана

мыйзамдуу киреше булагын тастыктаганга чейин алардан Россияда үч жыл жашашы керек

деген талаптар алынат. Ушул эле норма ортодо балдары бар Россия жарандарынын

чет өлкөлүк жубайларына да тийиштүү. Ошондой эле ата-энесинин бири Россияда туруп же

жарандыгы болгон балдар да бул нормадан пайдалана алышат.

Мыйзам президент кол койгондон тарта иштей баштайт.