Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын жалпы саны 506га жетти.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирет.
Анын айтымыда, бүгүн СOVID-19 инфекциясы дагы 17 кишиден аныкталды.
Жаңы катталгандардан бешөө — Ош облусунда, бирөө — Ош шаарында,
он бири — Ат-Башы районунда. Белгилеп кетсек, вирустан 16 бейтап сакайып,
ооруканадан чыгарылды. Республика боюнча 130 адам илдетти жеңип чыкты.