Коронавирусту дарылоо иштерине тартылган медицина кызматкерлерине дагы 132 миллион сом жумшалат

Коронавирусту дарылоо иштерине тартылган медицина кызматкерлерине

дагы 132 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу вице-премьер-министр

Аида Исмаилова билдирди. Анын айтымында, аталган сумма медицина

кызматкерлеринин апрелдеги айлыгына кошумча каражат катары өз убагында берилет.

Эске салсак, бул максатта өткөн айда 38 миллион сом бөлүнүп берилген.

Кыргызстанда коронавирус 489 адамдан табылды,

алардын арасынан 116 адам медицина кызматкери.