Өкмөт Россиядагы кыргызстандыктарга 4 миллион сом которду

Өкмөт Россиядагы кыргызстандыктарга 4 миллион сом которду. Элчиликтен билдиришкендей, каражат дипломатиялык өкүлчүлүктүн алдындагы штабга түштү.

 

Акча COVID -19 илдетин жуктуруп алгандарга, ооруп жаткандарга,  көп балалуу үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелерге, кош бойлуу аялдарга, жашы улгайган кишилерге убактылуу жатакана, тамак-аштан жардам берүүгө жумшалат.