Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдын баасы 1 сомго арзандады

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдын баасы 1 сомго арзандады. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.

 

Анын айтымында, буга дүң баанын төмөндөп кетиши себеп болду. Май айынын башында күйүүчү майдын наркы дагы 1 сомго арзандашы күтүлүүдө. Ошондой эле, дизель отуну дагы бир сомго төмөндөдү.