Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев борбор калаага киргизилген чектөөлөр боюнча билдирүү жасап, аны Facebook баракчасына жарыялады.
«Мага көптөгөн билдирүүлөр түшүп жатат, өзүмдүн байкоомдо да сулуулук салондору 1-майдан тарта иштей баштайт дегендер көп болууда. Тургундар ишканаларынын ачылышына даярданып жаткандай. Азыр бул тууралуу айтуу эртелик кылат», — деди комендант.
Ал «элди адаштырбоого» чакырды.
«Ишкана-уюмдардын ачылышы Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. Бардык талаш сөзгө жана ушактарга чекит коюу зарыл деп эсептейм», — деди Орозалиев.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 665 адам аныкталып, анын 345и айыгып чыкты. Вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.
Ал эми буга чейин киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узарып, тизмеге Нарын шаары менен Ат-Башы району кошулган.