Кыргызстанда бир сутка ичинде 25 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 10, Ош шаарында 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абадда 6, Нарында 6 киши ооруканадан чыгарылды.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 370ке жетти.