Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда
Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 65-90-чакырымдарына туура келген “Чапчыма” ашуусунда кар массасы түшүшү мүмкүн. Айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.