Бүгүнтөн тартып ордо калаа көчөлөрүндө дезинфекциялоо иштери жүрөт

Бүгүнтөн тартып ордо калаа көчөлөрүндө дезинфекциялоо иштери жүрөт. Мэриянын маалыматына ылайык, санитардык иштер саат 9дан кечки 6га чейин уланат. Алгач Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине дейре жана Манас проспектисинен Абдрахманов тилкесине чейинки бөлүк дезинфекцияланат. Мындан улам, жарандарга мүмкүн болушунча көчөдөгү кыймылды азайтып, үйдө отуруу сунушталат.

Ош облусунун Алай районуна 22 санитиметр кар жаады

Ош облусунун Алай районуна 22 санитиметр кар жаады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 27синен 28-июнга караган түнү Сары-Таш айылында жаан жаай баштап, карга айланган. Эске салсак, буга чейин синоптиктер өткөн дем алыш күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөрүн билдиришкен.