Карантин жарыялангандан тартып Россиядан Кыргызстанга 12 миңден ашык жаран жеткирилди

Карантин жарыялангандан тартып Россиядан Кыргызстанга 12 миңден ашык жаран жеткирилди. Алар үчүн 54 чартердик учак жана 20 автобус уюштурулду, — дешти Тышкы иштер министрлигинен. Кечээ уюштурулган каттам менен 393 кыргызстандык өлкөгө келди. Алардын басымдуу бөлүгү студенттер. Андан тышкары алдыдагы Параолимпиада оюндарына даярдык көрүү үчүн Россиянын… Кененирээк…

Пекинде  COVID-19 вирусуна окшош формадагы мөндүр жаады

Пекинде  COVID-19 вирусуна окшош формадагы мөндүр жаады. Жергиликтүү тургундар Weibo жана Twitter соцтармактарына кар массаларынын сүрөттөрүн жарыялашты. Мөндүрдөн өсүмдүктөр жабыркаган. Мындан тышкары унаалар жана турак жайлар да зыянга учурады.

“Унаа” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине унааны ортомчу аркылуу каттоого тыюу салынды

“Унаа” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине унааны ортомчу аркылуу каттоого тыюу салынды. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, эми жумушчулар транспортту каттоо иштерин мүлктүн мыйзамдуу ээси же анын расмий өкүлү менен гана жүргүзүшү керек. Бирок мындай эреже нотариалдык ишеним каты бар жарандарга тиешелүү эмес.

Өлкөдөгү медициналык мекемелерде орун жетишээрлик, тынчсызданууга негиз жок

Өлкөдөгү медициналык мекемелерде орун жетишээрлик, тынчсызданууга негиз жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигине таянуу менен премьер-министр Кубатбек Боронов билдирет. Анын айтымында, акыркы күндөрү COVID-19 вирусуна чалдыккандар көбөйүп жатат. Өзгөчө бул Бишкек жана Ош шаарларында байкалууда. Буга карабай ооруканаларда орундар жетиштүү деңгээлде. Алдын ала даярдалган 1… Кененирээк…

Ордо калаада жарык өчсө кайда кайрылуу керек?

Бишкек мэриясы муниципалдык «Бишкек свет» ишканасы менен байланыша турган телефондордун номерлерин жарыялады. Эгерде көчөлөргө орнотулган жарыктар өчүп калса же иштебей турса, шаардыктар түз эле чалып же жазып маалымат калтыра алат. Байланыша турган телефондор менен аккаунттар: Диспетчердик-авариялык кызмат — 0 (312) 46-30-89, 57-63-51; WhatsApp-номери — 0(777)… Кененирээк…

КМШ өлкөлөрүнүн биринчи спорттук оюндары күздө өтүшү ыктымал

КМШ өлкөлөрүнүн биринчи спорттук оюндары күздө өтүшү ыктымал. Казакстандын Олимпиада комитетинен билдиришкендей, аны Казанда 4-сентябрдан 11ине чейин өткөрүү болжолдонууда.  Мелдеште 11 өлкөнүн 23 жашка чейинки спортчулары 21 оюндун түрү боюнча күч сынашат. Буга чейин аталган мелдешти августта өткөрүү пландалган, бирок карантинден улам белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Түркиядагы мекендештер үчүн чартердик каттамдар уюштурулат

Түркиядагы мекендештер үчүн чартердик каттамдар уюштурулат. тамбул—Бишкек багытындагы учактар 2 жана 4-июлда Сабих Гөкчен атындагы эл аралык аба майдандан учуп чыгат. Жалпысынан 466 жаран өлкөгө жеткирилет. Ал эми билеттер 1 күн мурда элчилик жана консулдук түзгөн тизме менен сатылат.

Ордо калаада ысык суу мөөнөтүнөн эрте берилип баштады

Ордо калаада ысык суу мөөнөтүнөн эрте берилип баштады. Профилактикалык иштер аягына чыгып, батирлер жылуулук тармактарына кошула баштады, — дешти муниципалитеттен. Белгилеп кетсек, жыл сайын Бишкекте 1-майдан тарта ЖЭБдин жабдууларынын иши токтотулуп, оңдоп-түзөө иштери аткарылат. Быйыл карантинге байланыштуу ысык суу 1-июндан тартып өчүрүлгөн болчу.

Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонунда спорттук мектептин курулушу жүрүп жатат

Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонунда спорттук мектептин курулушу жүрүп жатат. Учурда темирден жасалган каркас толугу менен даяр. Ал объектинин чатырын кармоого жана имараттын негизги түзүмү болгонго даярдалды. Мекемеде 3 спорттук зал, кеңсе бөлмөлөрү болот. Долбоордо тротуар, аянтча, таман таш төшөө жана көк майсан камтылган. Курулуштун жалпы суммасы… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, саат 9дан кечки 6га чейин, Чүй, Горький, Анкара, Чынгыз Айтматов, Гагарин, Фучик жана Аул көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө,  Чыгыш-5 жана 7-кичи райондо, ошондой эле Ак-Өргө, Дордой, Көлмө конуштарында электр энергиясы жок болот. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.