Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлдү

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлдү. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, бүгүн кечки саат 5ке чейин жарык Жаш Гвардия бульварында жана Чыгыш, Манас, Крупское, Тоолуу Серафимовка жана Арал айылдарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Караколдо коронавирус менен күрөшүүгө дээрлик 6 миллион сом бөлүндү

Караколдо коронавирус менен күрөшүүгө дээрлик 6 миллион сом бөлүндү.   Мындай чечим шаардык кеңештин кезексиз отурумунда кабыл алынды. Каражат дарыгерлерге жеке коргонуучу каражаттарын, кычкылтек концентраторлорун, антисептиктерди сатып алууга жумшалат.

Күндүзгү стационарлар Чүй облусунда дагы ачылууда

Күндүзгү стационарлар Чүй облусунда дагы ачылууда. Бул тууралуу өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, аларда тажрыйбалуу дарыгерлердин нөөмөтү уюштурулуп, алар жардамга кайрылган жарандарга жардам берип, тиешелүү процедураларды аткарат.   Борборлорго курч респиратордук вирустардын, пневмония жана сасык тумоонун алгачкы белгилери менен кайрылуу сунушталат.

Сүлүктүдө жер көчтү

Сүлүктүдө жер көчтү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Массасы 1 миң кубметрден ашкан жер кыртышынын жылышы кечээ кечинде Кызыл-Бел тилкесинде катталды.   Жабыркагандар жок. Унаа жолун тазалоо үчүн атайын техника тартылып, кыймыл бир тараптуу ачылды. Тазалоо иштери бүгүн дагы уланат.

Бишкекте почта түйүндөрү убактылуу иштебейт

Бишкекте почта түйүндөрү убактылуу иштебейт. Мэриядан билдиришкендей, “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын ордо калаадагы бөлүмдөрү  вирустук инфекцияны алдын алуу максатында 7-12-июль күндөрү жабылат.   Почтанын ичи жана социалдык төлөмдөрдү жеткирүү кызматы 13-июлда жанданат.

Чолпон-Атада күндүзгү стационар үчүн 3 чатыр тигилди

Чолпон-Атада күндүзгү стационар үчүн 3 чатыр тигилди. Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн билдиришкеней, аларда 15 бейтап үчүн орун даярдалды.   Андан тышкары, райондун акими Данир Иманалиев эс алуучу жайларда да өзүнчө изоляторлор даярдалганын маалымдады. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү Ысык-Көл облусунда эпидемиологиялык абал азыр туруктуу, бирок курчуп кетиши… Кененирээк…

Түштүк Осетияда коронавируска чалдыккан бейтаптардын баары айыгып, ооруканадан чыгарылды

Түштүк Осетияда коронавируска чалдыккан бейтаптардын баары айыгып, ооруканадан чыгарылды. Учурда аймакта COVID-19 менен жабыркаган адам жок. Пандемия башталгандан бери Түштүк Осетияда 85 адамдан коронавирус аныкталган.   Ал дароо коңшу өлкөлөр менен чек араларын жаап, карантин жарыялаган болчу.

Абалга байланыштуу медициналык беткаптардын дагы модасы болуп жатат

Абалга байланыштуу медициналык беткаптардын дагы модасы болуп жатат. Дүйнөгө таанымал дизайнерлер бул коргоочу буюмдун түрүн чыгарууда. Алсак, “LEAF” компаниясынын өзгөчө беткабы медициналык айнектен жасалган.   Абаны тазалоочу дагы фильтр орнотулган. Вирустан коргоочу бул беткап жогорку суроо талапка ээ болот деген ишенимдер бар. Анткени ал адамдын… Кененирээк…

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду облустун ар бир райондук ооруканасын суюк кычкылтек берип туруучу орнотмо менен камсыздайт

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду облустун ар бир райондук ооруканасын суюк кычкылтек берип туруучу орнотмо менен камсыздайт. Обладминистрациясынын басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев билдиргендей, фонд бул максатта 10 миллион сом бөлүп берет.   Атайын орнотмо кычкылтек концентраторунан дагы натыйжалуу экени аныкталды. Баасы 2 миллион сомдун тегерегинде, —… Кененирээк…