Күндүзгү стационарлар Чүй облусунда дагы ачылууда

Күндүзгү стационарлар Чүй облусунда дагы ачылууда. Бул тууралуу өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, аларда тажрыйбалуу дарыгерлердин нөөмөтү уюштурулуп, алар жардамга кайрылган жарандарга жардам берип, тиешелүү процедураларды аткарат.

 

Борборлорго курч респиратордук вирустардын, пневмония жана сасык тумоонун алгачкы белгилери менен кайрылуу сунушталат.