Караколдо коронавирус менен күрөшүүгө дээрлик 6 миллион сом бөлүндү.
Мындай чечим шаардык кеңештин кезексиз отурумунда кабыл алынды. Каражат дарыгерлерге жеке коргонуучу каражаттарын, кычкылтек концентраторлорун, антисептиктерди сатып алууга жумшалат.