Баткен облусунда быйыл былтыркыдан көбүрөөк эгин жыйналат.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда 5 миң гектардан ашык аянттагы
буудай жана арпа жыйналды. Ал эми ушул жылы жалпысынан 26 миң гектарга жакын аянтта
оруп-жыйноо жумуштарын аткаруу пландалды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 миң гектарга көп.
Түшүм гектарынан орточо эсеп менен 24 центнерден алынууда.