Парламенттик шайлоону уюштурууга пландалган акчанын суммасы абалга жараша өзгөртүлөт

Парламенттик шайлоону уюштурууга пландалган акчанын суммасы абалга жараша өзгөртүлөт.

Боршайкомдун маалыматына караганда, быйылкы шайлоону өткөрүүгө республикалык бюджеттен

732 миллион сом каралган. Бирок бюджеттик план 95 миллион сомго кыскартылды. Өлкөдө жана

чет мамлекеттерде 2 миң 400 шайлоо участогу ачылат. Аларда 32 миң адам иштейт.

Каражат транспорттук чыгымдар, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, кызматкерлерди окутууга,

санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык шарт түзүүгө жумшалат. Бул иштерди уюштурууга

эл аралык уюмдар жардам берет. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого 44 саясий партия катышат.