Кыргызстан коронавирустун анализин 30 мүнөттүн ичинде чыгарып берген инновациялык тесттерди алды

Кыргызстан коронавирустун анализин 30 мүнөттүн ичинде чыгарып берген инновациялык тесттерди алды.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, бул тесттер чет өлкөлүк фонд тарабынан берилди. Алар жыйынтыкты 99 пайыз

таасын көрсөтөт. Белгилеп кетсек, ушул эле фонд өткөн айда бизге 6,5 миң ПЦР-тест тапшырып берген.