«Электр станциялар» ишканасы Камбар-Ата-2 ГЭСинде курулуш иштерин жүргүзүүгө тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыялангандай, сарпталуучу сумма 82 миллион сом.
Жеңүүчү компания каражатка электр жарыгын, байланышты жана жылыткычтарды орнотуп,
суу түтүктөрүн жана имараттардын ичи-тышын жасайт. Андан сырткары, оор техниканын
жардамы менен жээктерди, плотинанын айланасын бекемдемекчи