Түркияда иштеп жүргөн мекендештер Бишкекке 20 миң долларга дары-дармек жиберди
Түркияда иштеп жүргөн мекендештер Бишкекке 20 миң долларга дары-дармек жиберди. Препараттар муктаждарга таратыла баштайт. Препараттарды жөнөтүүдө Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Бакыт Үмөтов жардам берди. Эске салсак, буга чейин Түркиянын Бишкектеги ишкерлери 150 кычкылтек концентраторун сатып алып, ооруканаларга таратышкан.