“Титаниктин” эң бай жүргүнчүсүнө таандык болгон алтын саат аукциондо  1,5 миллион долларга сатылды

“Титаниктин” эң бай жүргүнчүсүнө таандык болгон алтын саат аукциондо  1,5 миллион долларга сатылды. Саатты америкалык жеке коллекционер алган. Жон Астор өз заманынын эң бай адамдарынын бири болуп саналган.

 

“Титаник” чөккөн  учурда Астор аялын кайыкка отургузуп, өзү кемеде калган. Кийин андан оюулар түшүрүлгөн 14 караттуу алтын саат табылган.