БШК чет мамлекеттерде 42 добуш берүү участогун бекитти

БШК чет мамлекеттерде 42 добуш берүү участогун бекитти. Боршайкомдон билдиришкендей, мыйзамга ылайык, шайлоо тилкелери Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломаттык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жайгаштырылат.   Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамына ошол жактагы кыргызстандык жарандар, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү, консулдук жана дипломаттык мекемелердин кызматкерлери мүчө боло… Кененирээк…

Кыргызстандан Казакстанга кычкытлек концентраторлорун жана дарыларды мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды

Кыргызстандан Казакстанга кычкытлек концентраторлорун жана дарыларды мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 3 кыргызстандык унаа менен “Ак-Тилек унаа жолу” түйүнүндө кармалды.   Алардан экспортко тыюу салынган 4 кычкылтек концентратору, пульсоксиметр жана дарылар табылды.   Бул факты Бирдиктүү реестрге катталып, иликтөө жүрүүдө.… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди түрттүрүү уланууда

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди түрттүрүү уланууда. Иштерди жер колдонуу башкармалыгынын жана “Тазалыктын” кызматкерлери аткарып жатат. Алсак, Абдрахманов көчөсүндө тротуар жана веложолчонун курулушуна тоскоолдук жараткан объектилер алынды.   Ошондой эле, Манас проспекти мыйзамсыз соода түйүндөрүнөн тазаланды.   Бул жаатта иштер дагы улантылат.

Кыргызстандын айрым жогорку окуу жайлары абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөсү жок эле кабыл алат

Кыргызстандын айрым жогорку окуу жайлары абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөсү жок эле кабыл алат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, ЖРТ сертификаттары маданият, искусство жана спорт тармактарына байланыштуу адистиктерге талап кылынбайт.   Бул окуу жайларга абитуриенттер кадимки кирүү экзамендерин тапшырат.   Бул ЖОЖдор экзамен кабыл алууда бардык… Кененирээк…

Кыргызстандыктар эми мамлекет чегерүүчү жөлөкпулун кайсы жерге кайрылса, ошол жерден ала алат

Кыргызстандыктар эми мамлекет чегерүүчү жөлөкпулун кайсы жерге кайрылса, ошол жерден ала алат. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдиргендей, тийиштүү мыйзамга президент кол койду.   Макамы жок жаңы конуштарда, дачаларда жашагандар буга чейин социалдык төлөм алууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, эми, бул мыйзамга ылайык, аларга… Кененирээк…

Бишкекте жана облустук борборлордо заманбап ооруканалар пайда болот

Бишкекте жана облустук борборлордо заманбап ооруканалар пайда болот. Аларды куруу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жүргүзүлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Саламаттыкты сактоо тармагындагы адистер менен жолугушууда жарыялады.   Өлкө башчынын айтымында, бул багытта инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп баштады.   Ал эми дарыгерлерди калыбына келтирүү боюнча президент… Кененирээк…

АКШда үйдүн дубалында бал агып баштады

АКШда үйдүн дубалында бал агып баштады. Үй ээлери алгач бул жөн гана тактар деп ойлошкон, бирок ал чыныгы бал болуп чыкты. Дубалдарды атайын адистер изилдеп, алардын ортосунда аарылардын бүтүндөй колониясы бар экенин аныкташты.   Учурда аларды коопсуз алып чыгуу иштери жүрүп жатат.

Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, бүгүн кечки саат 5ке чейин жарык Көк-Жар, Лебединовка, Шалта, Новопавловка, Манас, Военно-Антоновка, Кызыл-Дыйкан айылдарында, Кара-Балта шаарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Кыргызстанда ата-энеси жок балдарга банктан эсеп ачылып, ага өкмөт акча которуп турат

Кыргызстанда ата-энеси жок балдарга банктан эсеп ачылып, ага өкмөт акча которуп турат. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди. Ал белгилегендей, тоголок жетим балдарга буга чейин жөлөкпул берилчү эмес.   Эми ай сайын алардын эсебине 2 миң сомдон түшөт. Бала 18 жашка чыкканда чогулган… Кененирээк…

Кыргызстанда кайрадан толук карантин киргизүү пландалган жок

Кыргызстанда кайрадан толук карантин киргизүү пландалган жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдөгү экономикалык ишмердикти чектөө менен карантин киргизүү жалпы абалдын начарлашына алып келиши мүмкүн.   Аймактарда бир катар санитардык чектөөлөр бар, ошондой эле, айрым бизнес өкүлдөрү өз алдынча ишмердигин токтотуп… Кененирээк…