Кыргызстанга Новосибирск шаарынан 205 жаран жеткирилди

Кыргызстанга Новосибирск шаарынан 205 жаран жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, мекендештерди алып келүүгө чартердик каттам уюштурулду. Өлкөгө кайткан жарандардын катарында жаш балдар да бар. Чет жердеги кыргызстандыктарды өлкөгө кайтаруу иштери тынымсыз уланууда.

Катуу жааган жаандан улам өлкөнүн бир катар облустарында сел жүрдү

Катуу жааган жаандан улам өлкөнүн бир катар облустарында сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, суу ташкыны Жумгал, Алай, Ала-Бука жана Баткен райондорунда кечээ катталды. Ылай аралаш суу массасы турак жай, короо, чарба аралык көпүрөгө, унаа жолдорго жана бир катар курулуштарга каптады. Учурда жеринде тазалоо иштери… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги 13 тез жардам унаасын сатып алды

Саламаттыкты сактоо министрлиги 13 тез жардам унаасын сатып алды. Техникалар Дүйнөлүк банк аркылуу алынды. Унаалардын жалпы суммасы 765 миң долларды түзөт. Машинелер толук түрдө керектүү жабдуулар менен камсыздалды. Алар өлкөнүн бардык облустарына тең бөлүштүрүлөт.

Ош шаарында медицина кызматкерлери үчүн инсталляция пайда болду

Ош шаарында медицина кызматкерлери үчүн инсталляция пайда болду. Учурда  Курманжан датка жана Гапар Айтиев көчөлөр кесилишинде жайгашкан түзүмгө жарандар кагазга жакшы сөздөрүн жазып ташташууда. Инсталляция толгондо каалоо-тилектер соцтармак аркылуу жарыяланат.

Кыргызстан жашоо үчүн эң арзан өлкөлөрдүн үчилтигине кирди

Кыргызстан жашоо үчүн эң арзан өлкөлөрдүн үчилтигине кирди. Эксперттер тизмени түзүүдө турак-жайдын ижара акысын, коммуналдык кызматтарды, тамак-аштын, кийим, коомдук унаалардын жана эс алуунун баасын карашты. Жалпысынан 135 өлкө изилденди. Биздин республика 133-сапта жайгашты. Кыргызстандан кийин Индия турса, акыркы катарды Пакистан бекитти. Ал эми жашоо үчүн… Кененирээк…

Бишкектеги түнкү стационарлардын иштөө убактысы өзгөрдү

Бишкектеги түнкү стационарлардын иштөө убактысы өзгөрдү. Мурда алар кечки саат 9дан баштап иштей баштаса, эми 8ден тарта бейтаптарды кабыл алат. 7-кичи райондогу ДСК спорт комплексинин имаратында жана Фрунзе Орозбеков көчөлөр кесилишинде жайгашкан ресторандагы түнкү стационарларда жалпысынан 220 орун даярдалды. Жеринде дарыгер, медайым, санитар, ординатор жана… Кененирээк…

“Исфана” аэропортунда реконструкциялоо иштери аяктады

“Исфана” аэропортунда реконструкциялоо иштери аяктады. Заманбап курулуш материалдарын колдонуу менен 75 миң чарчы метр асфальт бетон төшөлдү. Учуп-конуу тилкенин жалпы узундугу 1 миң 735 метрге, туурасы 35 метрге кеңейтилди. Бардык оңдоо иштери графикке ылайык жүргүзүлдү. Ал сертификациялоодон кийин кайрадан учактарды кабыл алууга даяр болот. Ички… Кененирээк…

Швейцария Кыргызстандын мобилдик бригадаларына гуманитардык жардам жөнөттү

Швейцария Кыргызстандын мобилдик бригадаларына гуманитардык жардам жөнөттү. Элчиликтин маалыматына ылайык, Кыргызстандык дарыгерлер үчүн 15 миллион сомго коргонуу каражаттары сатылып алынды. Ал 24 миң костюм, беткап, көз айнек жана мээлейден турат. Алар Чүй, Нарын жана Ош облустарындагы медициналык мобилдик бригадаларга өткөрүлүп берилет. Буга чейин Швейцария Кыргызстанда… Кененирээк…

Мурдагы «Манас» транзиттик жүк ташуу борборунун аймагында обсервация ачылды

Мурдагы «Манас» транзиттик жүк ташуу борборунун аймагында обсервация ачылды. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти. Обсервация үчүн эки кабаттуу алты курулушка капиталдык ремонт жүргүзүлдү. Алардын экөө 44 адамга ылайыкташкан реанимациялык бөлүм болсо, үчөө дарылоо-терапевттик бөлүм катары кызмат көрсөтөт. 220 палатада 400 орун керектүү… Кененирээк…

Кыргызстанда дээрлик 25 миң медицина кызматкерине кошумча төлөм берилди

Кыргызстанда дээрлик 25 миң медицина кызматкерине кошумча төлөм берилди. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков билдирет. Анын айтымында, бул максатта фонддун бюджетинен 233 миллион сом сарпталды. Алардын катарында дарыгер, орто жана кенже медперсоналдар бар. Ошондой эле инфекциянын очогунда иштеген дарыгерлерге… Кененирээк…