Кыргызстанга Россиядан келген которуулар кескин көбөйдү

Кыргызстанга Россиядан келген которуулар кескин көбөйдү. Эки айга карата маалыматты Улуттук банк тартуулады. Ага ылайык, июнь айында Россиядан                  274 миллион доллар келген.   Өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгында которуулар 188 миллиондон ашкан эмес. Июлда Кыргызстанга 244 миллион доллар келсе, былтыр – 219 миллион келген.… Кененирээк…

Британиялык айым барби куурчагына окшошом деп 10 миң доллар сарптады

Британиялык айым барби куурчагына окшошом деп 10 миң доллар сарптады. Жейд Лайн кичине кезинен куурчагын кумир туткан. Ага окшош болуу үчүн Жейд ондогон пластикалык операцияларды жасатууга макул болгон.   Андан тышкары, ай сайын ар кандай косметикалык процедураларга барып турат.

Алмата шаарында “сүйлөй” турган отургучтар пайда болот

Алмата шаарында “сүйлөй” турган отургучтар пайда болот. Жергиликтүү маалымат булактары жазышкандай, отургучтарга адам отурганда ал аудио тутумдун жардамы менен сүйлөйт.   Тактап айтканда, отургуч тарыхый инсандардын өмүр баянын, акындардын ырларын айтат.