Кыргызстанга Россиядан келген которуулар кескин көбөйдү

Кыргызстанга Россиядан келген которуулар кескин көбөйдү. Эки айга карата маалыматты Улуттук банк тартуулады. Ага ылайык, июнь айында Россиядан                  274 миллион доллар келген.

 

Өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгында которуулар 188 миллиондон ашкан эмес. Июлда Кыргызстанга 244 миллион доллар келсе, былтыр – 219 миллион келген.

 

Эске салсак, Россиядагы карантиндик чектөөлөрдөн улам апрелге өлкөгө болгону 74 миллион доллар которулган. Бул соңку жылдардагы эң аз көрсөткүч болуп катталды.