Кыргызстанда «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасынын жаңыланган версиясы сунушталды

Кыргызстанда «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасынын жаңыланган версиясы сунушталды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, Өзгөртүүлөргө ылайык, каржылоонун көлөмү көбөйтүлүп,

ислам принциптери боюнча насыя берүү механизмдерин киргизүү сунушталууда. Программанын жаңыланган

версиясында финансылык ресурстарды тартуунун шарттарына жараша ипотекалык насыялардын мөөнөтүн узартуу,

пенсиянын топтоочу бөлүгүн кредиттин алгачкы төлөмүнө колдонуу каралган. Өкмөттөн белгилешкендей,

программанын алкагында 16 миңден ашык жаран турак-жайга ээ болгон.