Кыргызстанда мектеп курагына чейин балдардын 25 пайызы гана бала бакчага барат

Кыргызстанда мектеп курагына чейин балдардын 25 пайызы гана бала бакчага барат.

Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча, буга андагы орундар жетишсиз экенин

Улуттук статистика комитети жарыялады. 2019-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде

100 орунга Бишкекте 177, Ош шаарында 161 жана Ысык-Көл облусунда 131 бала туура келген.

Ал эми Таласта 100 орундуу мекемеге суроо-талап 2 эсеге көп. Комитеттен белгилешкендей,

былтыр бакчалардын саны 1 миң 600гө жеткен. Аларда жалпысынан 208 миң бала тарбияланган.

Ал эми Кыргызстанда 2-6 жаш аралыгындагы балдардын саны 800 миңдин тегерегинде.