Ош облусунун Кара-Суу районундагы оорукананын курулушу уланууда

Ош облусунун Кара-Суу районундагы оорукананын курулушу уланууда.

Курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, учурда объектинин чатыры жабылып,

электромонтаждоо, ички жана тышкы жасалгалоо жумуштары, терезелер, жылытуу системасы,

өрт өчүрүү сигнализациясы орнотулуп, полдорун бетондоо жумуштары аткарылды.

Иштер 2017-жылы башталган, медициналык мекеменин курулушун ушул ноябрда бүтүрүү пландалууда.