Кыргызстанда эпидемиологиялык абалдын начарлашына жол берилбеш керек

Кыргызстанда эпидемиологиялык абалдын начарлашына жол берилбеш керек.

Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында

тиешелүү органдарга берди. Ага ылайык, Баткен, Ош облустарындагы жана Бишкектеги жарандар

арасында коронавирус жана пневмония көп катталууда. Мындан тышкары, соцтармактарда

жарыяланган сүрөт жана видеодон, саясий партиялардын эл менен жолугушууларында

бет кап тагынуу режими жана социалдык аралык сакталган жок. Той-аштарды өткөрүүгө тыюу

салынганына карабай, кафе-ресторандарда массалык иш-чаралар өтүүдө. Мындан улам,

санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларын күчөтүүнү катуу көзөмөлгө алуу керек, — деди Боронов.