Бишкектин үстүндө учуп жүргөн вертолеттор тууралуу Генералдык штабдан түшүндүрүштү

Бишкектин үстүндө учуп жүргөн вертолеттор тууралуу Генералдык штабдан түшүндүрүштү. Ведомстводон билдиришкендей, учурда ордо калаада абал тынч. Ал эми вертолеттор окутуу-машыгуулар боюнча планга ылайык учууларын аткарышууда. Эске салсак, соцтармак колдонуучулары шаардын үстүндө вертолеттордун учуп жүргөнү тууралуу видео жарыялашты. Алгачкы ирет эртең мененки саат 10до калаанын борбордук… Кененирээк…

Бишкекте “Ала-Тоо” аянтында күч түзүмдөрүнүн саптык тизилүүсү өтүп жатат

Бишкекте “Ала-Тоо” аянтында күч түзүмдөрүнүн саптык тизилүүсү өтүп жатат. Аянтка аскер техникалары, аскерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле элдик кошуундар тартылган. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, саптык кароо күч түзүмдөрүнүн бөлүмдөрүнүн кызмат өтөөгө даярдыгын текшерүү жана Бишкек аймагында коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында… Кененирээк…

Бишкекте коменданттык саат кечки 9дан таңкы 5ке чейин күчүндө болот

Бишкекте коменданттык саат кечки 9дан таңкы 5ке чейин күчүндө болот. Бул тууралуу Ордо калаанын Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Үйдөн сыртка чыгууга бардык жарандарга тыюу салынат. Бирок комендатуранын ишине көмөктөшө турган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишине чектөө жок. Эске салсак, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекке… Кененирээк…

«Унаа» ишканасынын Бишкек бөлүмүнүн аймактар аралык сектору 10-11-октябрда иштебейт

«Унаа» ишканасынын Бишкек бөлүмүнүн аймактар аралык сектору 10-11-октябрда иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Улуттук банк тарабынан киргизилген чектөөгө ылайык тиешелүү банктын аталган сектордогу кассасы дем алыш күндөрү иштебегендиктен унаа каражаттарын каттоо жүргүзүлбөйт. Кызмат көрсөтүлөр кайра 12-октябрда жанданат.

Бишкекте азырынча коомдук унаалардын ишине чектөөлөр жок

Бишкекте азырынча коомдук унаалардын ишине чектөөлөр жок. Бул тууралуу 24 агенттигине ордо калаа мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди. Анын айтымында, учурда коомдук унаалар штаттык режимде иштеп жатат. Өз кезегинде комендатура тарабынан калаага кандай чектөөлөр киргизиле турганы жарыялана элек.

Ош облусунун аймагында жер титиреди

Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 10-октябрда саат 09:02де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2,5 баллга сезилген. Жер титирөөдөн… Кененирээк…

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, депутаттар күн тартибинде өзгөчө абал режимин жана премьер-министр кызматына талапкерди бекитүү маселелерин карашат.

Бишкекте өзгөчө абал режими 10-октябрдан тартып киргизилет

Бишкекте өзгөчө абал режими 10-октябрдан тартып киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык, кечки саат 8ден таңкы 8ге чейин коменданттык саат болот, мындай режим 21-октябрга чейин созулат. Кырдаалды милиция жана аскер кызматкерлери көзөмөлдөйт. Комендант болуп ички иштер… Кененирээк…

Бишкекте Ала-Тоо аянтындагы кагылышууда 5 киши жараат алып, Улуттук госпиталга жеткирилди

Бишкекте Ала-Тоо аянтындагы кагылышууда 5 киши жараат алып, Улуттук госпиталга жеткирилди. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, ооруканага түшкөндөр эмнеден жаракат алганы так айтылган жок. 3 адамга биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жиберилди. 2 жаран орточо оор абалда ооруканага жаткырылды. Андан тышкары, аянттагы кагылышуу… Кененирээк…