Садыр Жапаров рекорд койгон манасчы Дөөлөт Сыдыковду кабыл алды

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Бишкекте «Манас» айтып рекорд койгон манасчы Дөөлөт Сыдыков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады.

 

Анда айтылгандай, Жапаров Сыдыковдун чыгармачылыгына баа берип, өнөрүн жогору баалады.

 

«Кыргыз элинин руханий жана маданий мурастарынын улуу дөөлөтү — бул «Манас» эпосу. Кыйын мезгилдерде Манастын образы манасчылык өнөр аркылуу кыргыз элине күч-кубат берет. Азыр ар бир адамдын мамлекеттин өнүгүшү боюнча өзүнүн позициясы жана көз карашы, дүйнө таанымы бар, бирок «Манаска» келгенде баарыбыз бирбиз. Сиз жаңы рекордду гана жаратпастан, элди биримдикке чакырдыңыз», — деди Садыр Жапаров манасчыга.

 

Баарлашуунун жүрүшүндө Дөөлөт Сыдыков чыгармачылык чөйрөдө кездешкен тоскоолдуктар тууралуу айтып берди. Садыр Жапаров өкмөт салттуу чыгармачылыкты өнүктүрүүнү аркалап жүргөн жактардын көйгөйлөрүн тез арада чечип берүүгө болгон күч-аракетин жумшай турганын билдирди.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Дөөлөт Сыдыковго баалуу белектерди тапшырып, ийгилик каалады.

Дөөлөт Сыдыков 12-ноябрда өз өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине киргизүү максатында 14 саат 27 мүнөт «Манас» айтты. Сыдыков «Манас» айтууну Бишкектин Ала-Тоо аянтында бул күнү эртең менен баштап, кечинде аяктады.

 

Гиннес рекорддор китебининин администрациясы Дөөлөт Сыдыковдун көрсөткүчүн каттаса көмөкөй менен ырдоо боюнча жаңы рекорд болуп калат. Мурдараак бул өнөр менен алтайлык ырчы төрт сааттык рекорд жаратканы кабарланган.

 

Быйыл майда кыргызстандык хирург Мамбет Мамакеевдин ысымы узак жылдардан бери үзгүлтүксүз иштеп келе жаткан адис катары бул китепке кирген. 2020-жылдын 29-февралындагы эсеп боюнча анын хирургдук карьерасы 67 жыл 181 күндү түзгөн.

 

2018-жылы бешбармак тамагы бир жасалганда 1 464 килограмм килограмм даярдалып, ушул эле китепте ал рекорд деп таанылган.

Гиннесте мындан сырткары кыргыз каскадеру Үсөн Кудайбергеновдун да ысымы бар. Ал 1980-жылы тартылган «Генийдин жаштыгы» кинотасмасында аргымак менен 27 метр бийиктиктеги аскадан сууга боюн таштап, бул трюгу Гиннес китебине жазылган.